ОЙДУҢ БЕТТИН ЖАНЫНДАГЫ ЧЕК АРА КАТМАРЫНДАГЫ ГЕРТЛЕР-ТЕЙЛОР КУЮНДАРЫН ИЗИЛДӨӨ
##semicolon##
Гертлер-Тейлор куюндары, чек ара катмары, оюк бет, сызыктуу эмес бузулуулар, Навье-Стокс теңдемелери, Рейнольдс саныАннотация
Бул макалада ойдуң беттин жанындагы борбордон чегинүүчү күч талаасындагы (Гёртлер-Тейлор куюндары) кысылуучу чек ара катмарындагы бузулуунун сызыктуу эмес фазасын сүрөттөгөн чек ара маселеси түзүлөт жана чечилет. Ийри сызыктуу ортогоналдык координаттар системасында жазылган Навье-Стокс теңдемелерин колдонуп, үч өлчөмдүү бузулган агым үчүн Эйлер теңдемелеринин модификацияланган системасы курулат. Маселе экинчи тартиптеги дифференциалдык теңдеменин өздүк маанилерин табууга келип такалат, анын чечими сандык ыкмалар менен алынат. Макалада туурасынан кеткен ылдамдык профилдери келтирилген жана жергиликтүү Рейнольдс санынын куюндун амплитудасынын өсүү ылдамдыгына көз карандылыгы белгиленген, бул авиациялык инженерияда жана гидродинамикада ламинардык агымдан турбуленттүү агымга өтүүнү изилдөө үчүн маанилүү.
##submission.citations##
1. Шлихтинг Г. Теория пограничного слоя / М., изд-во Ин. Лит-ра, 1960.
2. Седов Л.И. Методы подобия и размерности в механике / М. Гостехиздат, 1957.
3. Бранловская И.Ю., Чудов Л.В. Решения уравнений пограничного слоя разностным методом. Сб. Выч. Методы и программирование / М. 1962.