ТОО ТЕКТЕРДИН ЖЫЛУУЛУК (ТЕРМОФИЗИКАЛЫК) КАСИЕТТЕРИНИН ТЕМПЕРАТУРАДАН БОЛГОН КӨЗ КАРАНДЫЛЫГЫН ИЗИЛДӨӨ

Авторлор

  • Р.М. Султаналиева И. Раззаков ат. КМТУ ##default.groups.name.author##
  • A.T. Конушбаева И. Раззаков ат. КМТУ ##default.groups.name.author##
  • Ч.Б. Турдубаева И. Раззаков ат. КМТУ ##default.groups.name.author##

##semicolon##

жылуулук өткөрүмдүүлүк, жылуулук диффузия, салыштырма жылуулук сыйымдуулук,салыштырма каршылык , тоо тектери, микротолкундуу нурлануу, температура

Аннотация

Ар түрдүү нурлануу убакыттарында ѲЖЖ толкундардын таасиринен кийин тоо тектердин жылуулук параметрлерин аныктоонун натыйжалары келтирилген. ѲЖЖ  толкундардын таасиринин астында ар кандай мезгилдеринде жылуулук сыйымдуулугу, жылуулук диффузивдүүлүгү, салыштырма энергия сыйымдуулугу жана тоо тектердин салыштырма жылуулук каршылыгы аныкталган. Изилдөө объектилери катары ар кандай физикалык-механикалык касиеттерге ээ тоо тектери алынган: Кумтөр кенинен алынган кумдук жана мрамор. Жылытуу температурасы 300дөн 1460 К чейин жогорулаганда байкалган тоо тектердин жылуулук касиеттеринин өзгөрүшүнүн мүнѳздѳмѳлѳрү изилденген. Бул үчүн мрамор менен кумдуктун 14 үлгүсүн колдонуу менен, ѲЖЖ микротолкундардын убактысын 1 мүн. 12 мүнөткө чейин акырындык менен жогорулатып бир катар эксперименттер жүргүзүлгөн. Изилденген үлгүлөрдүн жылуулук мүнөздөмөлөрүнүн температурадан көз карандылыгы төмөнкү маалыматтарды эске алуу менен аныкталган, мрамор үчүн тыгыздык ρ=2700 кг/м3, Кумтөр кенинин кумдуктары үчүн: ρ=3000 кг/м3 жана атайын формулаларды колдонуу менен ѲЖЖ микртолкундардын таасири ар кандай мезгилдеринде изилденген тоо тектердин жылуулук өткөрүмдүүлүк коэффициенти жана салыштырма жылуулук каршылыгы аныкталган.

##submission.citations##

1. Дмитриев Л.П., Кузяев Л.С., Ямщиков В.С. Физические свойства горных пород при высоких температурах. М.: Недра 1969 г.

2. Явтушенко О.В., Коробской О.В. Исследование воздействия СВЧ-энергии на некоторые горные породы //Сб. "Механика и разрушение горных пород", ч. 4. Киев, 1976.- с. 142 – 144.

3. Под. ред. Протодьяконова М.М. Свойства горных пород и методы их определения. М.: Недра 1969 г.

4. Султаналиева Р.М. Принципы целенаправленного изменения механических свойств руд и минералов // Монография -Бишкек, 2014, 153 с.

5. Барон Л.И., Логунцов Б.М., Позин Е.З. Определение свойств горных пород. - М.: Госгортехиздат, 1992.-331 с.

6. Султаналиева Р.М., Конушбаева А.Т. Определение температуры разупрочнения крепких руд от времени воздействия СВЧ волн // Материалы международной научно-практической конфер. «Новая наука: теоретический и практический взгляд»- Нижний Новгород, 2016, -с. 21-25.

7. Горная энциклопедия. Издательство «МИФ», 2010. 350 с.

##submission.downloads##

Жарыяланды

2026-02-12